Кыргызстандык режиссер Жандос Жолдошов эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүсү аталды
27 сентябрь

Кыргызстандык режиссер Жандос Жолдошов эл аралык кинофестивалдын жеңүүчүсү аталды

Кыргызстандык режиссер Жандос Жолдошов Казакстанда өткөн эл аралык III Burabay Short Film Festival кинофестивалында жеңүүчү аталды. Анын «Connection (Байланыш)» аталыштагы тасмасы Best Social Drama номинациясында мыкты социалдык драма деп табылган. Бул тууралуу кинофестивалдын уюштуруучулары билдиришти. 

Сыйлык тапшыруу аземи 18-сентябрда “Достордун үнү: поэзия жана сүрөт искусствосу” 4-фестивалынын алкагында өткөн.

Фестивалга 15 өлкөдөн 60тан ашык катышуучу келген.

Байланыш тасмасы алыскы тоолуу айылдагы Мекен карыяны акыркы сапарга узатуу зыйнаты тууралуу таасирдүү окуяны баяндайт. Уулу Мекен Америкада болгондуктан, агасы менен жээни маркум менен коштошуу зыйнатына анын небересин чакырышат. Бирок небересинин келиши менен окуя башка нукта багыт алат.