Дүйнө бийчилери бир жерде. Бишкекте хип-хоп бий фестиваль өттү
Маданият министрлиги
17 апрель

Дүйнө бийчилери бир жерде. Бишкекте хип-хоп бий фестиваль өттү

Бишкек шаарында 11-12-апрель күндөрү хип-хоп маданиятына арналган эл аралык Groove Republic: LDDLM Edition фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинне кабарлашты. 

Иш-чара ар кайсы өлкөлөрдөн келген бийчилерди бириктирди.

Кыргызстанда биринчи жолу дүйнөгө таанымал LDDLM Crew командасынын өкүлдөрү мастер-класстарды өткөрүштү. Франция, Швейцария жана Испаниядан келген бийчилер катышуучулар менен өздөрүнүн профессионалдык тажрыйбаларын бөлүшүштү.

Фестивалдын музыкалык коштоосун Франциянын Ницца шаарынан келген белгилүү DJ TellaX камсыз кылды.

Фестиваль катышуучулар үчүн тажрыйба алмашуу, кесиптик деңгээлди жогорулатуу жана эл аралык байланыштарды кеңейтүү үчүн маанилүү платформа болуп берди.

Чет элдик коноктордун катышуусу Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүгө жана өлкөнүн эл аралык деңгээлде таанылышына өбөлгө түздү.

Иш-чара өлкөнүн эл аралык аренадагы позитивдүү имиджин чыңдап, Кыргызстанды ачык, заманбап жана маданий жактан активдүү мамлекет катары көрсөттү.

Белгилей кетсек, фестиваль КР Маданият министрлигинин колдоосу, ошондой эле Бишкектеги «Франкофония жазу» программасына расмий түрдө кирип, Кыргызстандын Франциянын элчилиги, Кыргызстандагы Швейцариянын элчилиги, Бишкектеги Француз альянсы, Кыргызстандагы Европа Бирлигинин делегациясынын колдоосу менен өттү.