
"Керемет көч" — “Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ жаңы почта маркасын чыгарышты
“Кыргыз почтасы” жана ЮНИСЕФ Кыргызстандын Баланын укуктары жөнүндө Конвенциясына кошулгандыгынын 30 жылдыгына арналган почта маркасын чыгарышты. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маркаларда кыргызстандык жаш балдары үчүн чыккан эң алгачкы белгилүү “Керемет көч” мультсериалынын каармандары тартылган. Маркаларды балдардын укуктарына арналган дилбаяндар конкурсуна катышуу үчүн өлкөбүздө жашаган балдардын баары колдоно алышат.
“БУУнун Баланын укуктары жөнүндө конвенциясы – балдардын укуктарын коргоого өзүнө милдеттенме алган өлкөлөрдүн маанилүү макулдашуусу. Кыргызстан бул Конвенцияга 30 жыл мурда кошулуп, өлкө балдардын бакубатчылыгын жакшыртууга умтулганын тастыктаган. Биз бул маанилүү учурду балдарга арналган биринчи почта маркасын чыгаруу менен белгилеп, “Кыргыз почтасы” менен кызматташып жатканыбызга кубанычтабыз”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.
Почта маркасынын дизайнын белгилүү сүрөтчү жана иллюстратор Татьяна Зеленская иштеп чыккан. Кыргызстандын булуң-бурчунда миңдеген балдар жакшы көргөн мультфильмдин каармандары почта маркасынын форматына адаптацияланган.
“Бул кооз жана түстүү маркалардын жардамы менен ЮНИСЕФ жана “Кыргыз почтасы” уюштурган атайын дилбаяндар конкурсуна катышууга болот. Конкурска 9 жаштан 15 жашка чейинки курактагы балдар катыша алат. Каалоочулар өз эмгектерин “Кыргыз почтасынын” бөлүмдөрү аркылуу жиберсе болот”, - деп белгиледи “Кыргыз почтасы” ААКнын генералдык директору Марат Черикчиев.
Мыкты эмгектердин авторлоруна ноутбук, планшет, смартфон жана башка баалуу белектер түрүндө сыйлыктар берилет. Конкурс тууралуу кененирээк маалыматты ЮНИСЕФтин жана “Кыргыз почтасы” сайтынан табууга болот.
Баланын укуктары жөнүндө Конвенция – бул адам укуктары боюнча эл аралык келишим. Ал балдар деген ким экенин, алардын бардык укуктарын жана өкмөттүн милдеттерин түшүндүрөт. Кыргыз Республикасы келишимди 1994-жылы ратификациялап, келишимге кошулган дүйнөнүн 196 өлкөсүнүн бири болуп калган.