Айтматовдун карындашы өкмөткө кайрылды: жазуучунун мааракесине бөлүнгөн каражатты жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшайлы
26 январь

Айтматовдун карындашы өкмөткө кайрылды: жазуучунун мааракесине бөлүнгөн каражатты жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшайлы

Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова өкмөткө жазуучунун 100 жылдыгына бөлө турган каражатты жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшоо суранычы менен кайрылды. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттигинде жарыяланган кайрылууда айтылат.

Роза Айтматова акыркы күндөрү интернет мейкиндигинде жана коомчулук арасында айтылып жаткан ушак-айыңдарга тынчсыздануусун билдирди.

Ал маркум жазуучунун арбагын мазактабоого, анын атын саясий жана коомдук талаш-тартыштарга аралаштырбоого чакырып, Айтматовдун өмүр жолундагы урунттуу учурларын кеңири баяндап, коомчулукка кайрылган.

"Чыңгыз агамдын 100 жылдык мааракесин деле өткөрбөй эле коёлу деп өкмөттөн суранайын деп жатам. Алдын ала өкмөттөн суранам, Чыңгыздын 100 жылдыгына бөлө турган каражаттарыңарды жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшайлы. Мындай сооп иш Чыңгыз агама болгон чыныгы сый-урмат, чыныгы эстелик болот", - деди ал.

Ошондой эле, ал өз кайрылуусунда жазуучунун кыргыз маданиятын жана тилин жайылтууга кошкон салымын баса белгилеп, кыйын мезгилдерде көрсөткөн колдоосу үчүн элге жана үй-бүлөсүнө ыраазычылык билдирип, коомду улуу жазуучунун мурастарын урматтоого чакырды.

Маалымат үчүн: Роза Айтматова коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери.