Бишкекте тарыхый концерт: эки оркестр бир сахнада
29–30-апрелде Бишкектеги Кыргыз улуттук филармониясынын чоң залында өлкөнүн маданий жашоосунда өзгөчө мааниге ээ болгон концерт өтөт. Алгач ирет европалык деңгээлдеги ODK Orchestra (Оркестр культур) менен Нур Омурбаев жетектеген Филармониянын алдындагы эстрадалык-симфониялык оркестри бир сахнага чыгып, биргелешкен программа сунуштайт.
Бул кечеде Европа менен Борбор Азиянын музыкалык салттары айкалышып, өзгөчө көркөм диалог жаралат.
ODK Orchestra – дүйнөнүн ар кайсы маданияттарын бириктирген уникалдуу жамаат. Алар классикалык, этникалык жана заманбап музыканы синтездеп, ар түрдүү улуттардын аспаптарын бир симфониялык мейкиндикте айкалыштырат. Оркестрди дирижёр Адриан Верум жетектейт.
Биргелешкен программада белгилүү чыгармалар менен катар кыргыз музыкасынын атайын жаңы аранжировкалары сунушталат. Эки оркестрдин кызматташуусу музыкалык эксперименттерге жана жаңы үндөрдүн жаралышына жол ачат.
Бул долбоор жөн гана концерт эмес, ар түрдүү маданияттардын чыгармачыл жолугушуусу болуп саналат. Кыргызстан менен Европанын ортосундагы чыгармачыл байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Башталышы 18:00.
Баарыңыздарды күтөбүз!
Билеттер https://kassir.kg/session/3459-simfoniia-bez-granits сайтында сатылууда.
