Мавлянова: Кыргыз драма театрынын актерлору жаш балдары менен кампада жашашат, алган айлыктары 22 миң сом
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Махабат Мавлянова маданият өкүлдөрүнүн бүгүнкү күндөгү кейиштүү абалына көңүл бурду.
Айтымында, ал жакында Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актерлорунун жашоо турмушу менен таанышып келген. Алар театрдын эч кандай шарты жок кампасында күн кечирүүгө аргасыз.
“Кээ бирлеринин кичинекей балдары бар. Мисалы, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Данияр Жанжигитов 4 кичинекей баласы менен жашайт. Келинчеги ооруп, элден акча чогултушуп, жакында операция жасатып келишкен. Андан сырткары Эржан Осмонов, Жылдызбек Касеинов – Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты дагы ошол жерде күн өткөрүүгө аргасыз. Башка тармакка кетип калайын дешсе, жараткан образдары бар. Булардан тышкары батирден батирге көчүп жүргөн актерлор да толтура. Мисалы, Гүлнара Сатарова, Арслан Качкынбаев ж.б. А айлыктары 22 жыл иштегендердики 22 миң сом. Он жылдан ашык иштегендер 12 миң, 15 миң сом алышат. Театрдын техникалык тобунун кызматкерлеринин деле акыбалы ушундай”, – деди депутат.
Ал театр актерлору башка артисттердей тойго, ар кандай иш чараларга чыгып акча табууга мүмкүнчүлүгү жоктугун, анткени алар кечинде элге спектаклдерди тартуулай турганын кошумчалады.
Ошондой эле депутат театр актерлорунун айлык акысын 2-3 эсеге жогорулатууну, Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу үйлүү кылууну сунуштады.
“Бирок алардын Мамлекеттик ипотекалык компаниядан батир алып, ай сайын төлөп жашоого дагы мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан театрга караштуу жер бар экен, ошол жерге МИК үй куруп, бекер же жарым пайызы менен берүү жолдорун карап көрүшсө”, – деди депутат.
