CreaPark 2025: креативдүү өнүмдөр боюнча конкурс жалпы байге фонду – 600 000 сом
26 октябрь

CreaPark 2025: креативдүү өнүмдөр боюнча конкурс жалпы байге фонду – 600 000 сом

Креативдик индустриялар паркы (КИП) ololo, Codify, Accelerate Prosperity, G-Craft жана ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсеси менен биргеликте CreaPark 2025 конкурсуна катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууну жарыялайт.

Катышуучулар үчүн мүмкүнчүлүктөр:

  • белгилүү эксперттерден мастер-класстар;
  • жаңы байланыштар жана тажрыйба алмашуу;
  • өз долбоорун кеңири аудиторияга таанытуу;
  • долбоорду ишке киргизүү же кеңейтүү үчүн каржылык колдоо алуу мүмкүнчүлүгү.

Финал: 2025-жылдын 29-ноябры

Финалда катышуучулар өз долбоорлорун питч форматында сунушташат. Андан соң эл аралык жана жергиликтүү спикерлердин баяндамалары угузулат.

Ким катыша алат

Креативдүү продукт жараткандар же идеясы барлар:

  • китеп, комикс, арт-долбоорлор, сахналык жана перформанс форматтары;
  • дизайн, инновациялык технологиялар жана чыгармачыл чечимдер;
  • өнүмдүн стадиясы маанилүү эмес — идея, прототип же даяр бизнес болушу мүмкүн.

Эгер сиздин долбоор чыгармачылыкка, оригиналдуу ой жүгүртүүгө таянса – бул конкурс сиз үчүн!

Өтүнмө кантип тапшыруу керек

Белгиленген шилтеме аркылуу онлайн форма толтурулат: https://linktr.ee/CreaPark

Эмне үчүн маанилүү?

КИП – креативдүү экономиканы өнүктүрүү максатында дүйнөдө биринчи жолу түзүлгөн өзгөчө салык режими (8-август 2022-жылы кабыл алынган).

КИП резиденттери үчүн салык жеңилдиктери:

  • жыйым салыгы – 1%
  • киреше салыгы – 5%
  • социалдык төлөмдөрдөн толук бошотулат

Идеяңыз барбы?

Аны чыныгы продуктка айлантып, рынокко чыгаргыңыз келсе — CreaPark 2025 конкурсу дал сиз үчүн!