Будапештте Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин каарманына арналган эстеликтин ачылыш аземи өттү
2026-жылдын 25-июнунда Будапешт шаарында кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин каарманына арналган эстеликтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Эстелик Будапешт шаарынын XXII районундагы “Дуна-Фок” эс алуу паркында (DunaFok Szabadidőpark) Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилигинин демилгеси жана Будапешт шаарынын XXII райондук муниципалитетинин колдоосу менен Чыңгыз Айтматовдун адабий мурасын жайылтуу жана Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо максатында орнотулду.
Иш-чарага Кыргыз Республикасы менен Мажарстандын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, коомдук жана маданий чөйрөнүн өкүлдөрү, ошондой эле Мажарстанда жашаган Кыргызстандын жарандары катышты.
Өз сөздөрүндө катышуучулар Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк адабиятка кошкон зор салымын, анын маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүдөгү жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды даңазалоодогу өзгөчө ордун белгилешти. Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчиси Талантбек Кушчубеков эстеликтин ачылышы улуу кыргыз жазуучусунун чыгармачылык мурасына болгон терең сый-урматтын белгиси экенин жана анын чыгармаларына дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө кызыгуу жогору бойдон калып жатканын баса белгиледи. Ошондой эле 2028-жылы белгилене турган Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100-жылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Эстеликтин ачылышы кыргыз-мажар маданий байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болуп, эки элдин достугунун дагы бир символуна айланды.
