Брюсселде Кыргыз Республикасынын жана Федеративдүү Республикасынын элчиликтери Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүштү
5 декабрь

Брюсселде Кыргыз Республикасынын жана Федеративдүү Республикасынын элчиликтери Айтматовду эскерүү кечесин өткөрүштү

2024-жылдын 3-декабрында Брюсселде Кыргыз Республикасынын Элчилиги Россия Федерациясынын Элчилиги менен биргеликте залкар жазуучу, дипломат жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматовду эскерүү кечеси өткөрдү.

Иш-чарага Бельгиядагы дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, анын ичинде Борбордук Азия жана Азербайжан элчилери, ошондой эле Ч.Айтматовдун чыгармачылыгынын күйөрмандары катышты.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси А. Эркин жана Россия Федерациясынын Элчиси А. Токовинин улуу кыргыз инсанынын бай өмүр жолу, анын чыгармачылыгында көтөрүлгөн гуманизм идеяларынын универсалдуулугу жана жалпы адамзаттык маселелердин азыркы учурга дал келиши жөнүндө баса белгилешти.

Иш-чаранын алкагында “Кыргызфильм” жана “Ленфильм” киностудиялары тарабынан Ч.Айтматовдун ошол эле аталыштагы повестинин негизинде тартылган “Эрте келген турналар” тасмасы көрсөтүлдү. Фильмдин көрсөтүлүшүнүн алдында А. Эркин конокторго Кыргызстандын Экинчи Дүйнөлүк Согуштагы жалпы Жеңиш үчүн жасаган зор салымы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Ч.Айтматовго жана Эл аралык Тоо күнүнө арналган фото-көргөзмө катышуучулардын чоң кызыгуусун жаратты.

Бул иш-чара улуу ойчулдун чыгармачылык мурасынын күйөрмандарын бириктирип гана тим болбостон, Кыргызстандын маданий жана тарыхый мурасын жайылтууда да мыкты мүмкүнчүлүк болду.