Ошто Курманжан датканын эстелиги бакыт үйүнүн алдына жылдырылды
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин демилгеси менен Курманжан датканын айкели Ленин көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө жылдырылды.
Мэриядан билдиришкендей, анткени эстеликтин турган орду көчөгө ылайык эмес жерге коюлуп калган. Мындан улам Курманжан датка көчөсүнө жылдыруу демилгеси ишке ашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов жана мекеме-ишкана жетекчилери, шаар тургундары катышты.
Алгач коноктор Алай ханышасынын басып өткөн жолун чагылдырган сүрөт көргөзмөнү көрүп чыгышып, эстелигине гүл чамбар коюп эскеришти. Андан соң куран окулуп дуба кылынды. Ош улуттук драма театры тарабынан Курманжан датка энебиздин жашоосунан театралдык көрүнүштөн үзүндү тартуулашты.
