Байге фонду 200 миң сом. Бишкекте жаш акындардын айтышы өттү
18 февраль

Байге фонду 200 миң сом. Бишкекте жаш акындардын айтышы өттү

Үстүбүздөгү жылдын 17-февралында Кыргыз улуттук «Манас» театрында «Акжолтой менен Майра эне, Ак булак менен дайра эле» аттуу республикалык жаш акындардын айтышы ийгиликтүү өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз маданиятына эмгеги сиңген эки улуу инсандын өмүр жолун, руханий мурасын даңазалаган өзгөчө эскерүү кечеси болду.

Айтыштын жүрүшүндө жаш акындар Акжолтой менен Майра эненин эл үчүн кылган ак кызматын, адамдык асыл сапаттарын, кийинки муунга калтырган өрнөктүү жолун көркөм саптар аркылуу даңазалашты.

Ошондой эле жаш акындар коомду ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөгөн мазмундуу айтыштары менен көрөрмандардын алкоосуна ээ болушту. Айтыш учурунда көтөрүлгөн актуалдуу коомдук маселелер, адеп-ахлак, биримдик жана ынтымак темалары иш-чаранын таасирдүүлүгүн арттырып, төкмөлүк өнөрдүн бүгүнкү коомдогу орду менен маанисин дагы бир ирет айгинеледи.

Жеңүүчүлөр кыргыз улуттук «Манас» театры тарабынан акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 200 000 сомду түздү.

Айтыштын жыйынтыгы боюнча байге алган акындар:

  • Баш байге – Аскар Аязбеков
  • 1-орун – Нурболот Темир уулу
  • 2-орун – Ырыскелди Калыбек уулу
  • 3-орун – Айжамал Адылбек кызы