2025-жылы Таласта 3 миңден ашык жаңы мурас объектиси аныкталган
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жер участокторун трансформациялоо процессинде археологиялык изилдөөлөрдү сапаттуу жүргүзүү жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча археологдор менен кеңешме өткөрдү.
Ведомстводон кабарлашкандай, министр курулуш иштери күч алган шартта изилдөөлөрдү ыкчам жүргүзүү үчүн биргелешкен иш-аракеттерди күчөтүү жана ар бир облустан бирден районду тандап, комплекстүү изилдөө жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.
Археолог-адистер мамлекеттик органдардын колдоосу, айрыкча жерге тиешелүү карталар жана документтер менен өз убагында камсыз кылуу маанилүү экенин айтышты.
Археолог К. Акматов 2025-жылы Талас облусунун Манас районунда 50 миң гектар аянт изилденип, 3 миңден ашык жаңы мурас объектиси аныкталганын маалымдады.
Жыйын соңунда министр быйыл жети облустан бирден район тандап, ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.
