Бишкекте кыргыз элинин фольклоруна арналган чебер-класстардын цикли башталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
14 сентябрь

Бишкекте кыргыз элинин фольклоруна арналган чебер-класстардын цикли башталды

Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде кыргыз элинин фольклоруна арналган «АртСаякат» аттуу чыгармачылык чебер-класстардын цикли башталат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашты.

Долбоордун алкагында катышуучулар кыргыз фольклорундагы уламыштар, жомоктор, образдар жана символдор менен таанышып, аларды маданият жана психологиянын көз карашынан талкуулашат. Ошондой эле фольклордук образдарды НейроАрт жана Нейрографика ыкмалары аркылуу жеке чыгармачылык тажрыйбага айландыруу каралган.

Программа 8 чыгармачылык жолугушуудан турат. Ар бир жолугушууда фольклордук образдардын мааниси, алардын адамдын ички дүйнөсү менен байланышы каралып, муундан муунга жеткен сюжеттердин негизинде жеке маанилерди издөөгө басым жасалат.

Курстун мазмунун түзүүдө В. Вундттун элдердин психологиясы жөнүндөгү идеялары, К. Юнгдун архетиптер жана жамааттык аң-сезимсиздик тууралуу түшүнүктөрү, ошондой эле фольклордук сюжеттердин ички динамикасын түшүндүрүүгө жардам берген «Баатырдын саякаты» принциби колдонулат.

Чебер-класстарды психолог-консультант, Нейрографика инструктору Наталия Петухова алып барат.

Долбоор өспүрүмдөргө жана чоңдорго арналган.

Узактыгы 1,5–2 саатты түзөт.