Түркиянын Йозгат провинциясында кыргыз маданиятынын фестивалы өттү
2025-жылдын 28-июнунда Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаев Йозгат провинциясынын Йенифакылы районунда жашаган этникалык кыргыздар тарабынан уюштурулган Кыргыз маданиятынын фестивалына катышты.
Иш-чаранын коноктору катары Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын төрага орун басары – түрк мамлекеттери менен тышкы байланыштар боюнча башкармалыктын жетекчиси Куршад Зорлу, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын депутаттары, Йозгат провинциясынын губернатору Мехмет Али Озкан, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, этникалык кыргыздар, ошондой эле Түркиянын жарандары жана чыгармачыл, илимий интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.
Фестиваль учурунда кыргыз эл ырлары жана салттуу музыкалык аспаптарда аткарылган чыгармалар жаңырды. Иш-чара кыргыз улуттук бийлери, улуттук кийимдер жана элдик оюндар менен коштолду.
Өзүнүн сөзүндө Элчи Руслан Казакбаев Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы кызматташтык мамилеси Баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине көтөрүлгөнүн билдирип, бул байланышты эки боордош элдин тарыхы, тили жана маданиятынын ортоктугу түптөп жатканын баса белгиледи.
Мындан тышкары, Р.Казакбаев Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында Кыргыз Республикасы түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдикти бекемдөө жана ар тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү багытында саясий, экономикалык жана маданий демилгелерди илгерилетүү боюнча олуттуу аракеттерди көрүп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында Түркия аймагында жашаган этникалык кыргыздардын эки боордош мамлекеттин маданий жана тарыхый байланыштарын өнүктүрүүдөгү маанилүү ролу өзгөчө белгиленди.
