Бишкекте алгачкы жолу органист Мирлан Касымалиев концерт тартуулайт
Маданият министрлиги
13 март

Бишкекте алгачкы жолу органист Мирлан Касымалиев концерт тартуулайт

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын кичи залында орган музыкасынын «Бароккодон модернге чейин» аттуу концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты. 

Концерт 2026-жылдын 9-10-апрел күндөрү коюлат. Башталышы саат 18:00.

Бул концертте Мирлан Касымалиев Кыргызстанда алгачкы жолу өз өнөрүн тартуулайт.

Программада Иоганн Себастьян Бах, Георг Бём, Феликс Мендельсон, Арво Пярт улуу композиторлордун чыгармалары, ошондой эле кыргыз композиторлорунун чыгармалары жаңырып, улуттук жана дүйнөлүк музыканы бириктирет.