Баткенде элдин жашоосу, үрп-адаты чагылдырылган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө
2 октябрь

Баткенде элдин жашоосу, үрп-адаты чагылдырылган сүрөт көргөзмөсү өтүүдө

“Апаз Жайнаков” атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында сүрөтчү Даниль Усмановдун эмгектеринен Баткен элинин жашоосу, үрп-адаты, табият менен айкалышкан жашоо образы сүрөттөлгөн “Шамал өрөөнү” сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашты. 

Автор өз эмгектеринде Баткен тургундарынын күнүмдүк тиричилигинен алынган кадимки учурларды – турмуштун жөнөкөй, терең маанилүү көрүнүштөрүн көркөм чагылдырган.

Иш-чарага искусствону сүйгөн көрүүчүлөр, маданият кызматкерлери жана жаштар катышып, сүрөттөрдү чоң кызыгуу менен көрүшүүдө.

Көргөзмөнүн ачылуу аземине КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев менен Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай мырза да катышып, Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы маданий кызматташтыктын алкагында, Франциянын демилгеси менен Баткенде уюштурулуп жаткан сүрөт көргөзмөсү, мындан аркы тыгыз кызматташтыкка өбөлгө болоорун белгилешти.

“Шамал өрөөнү” көргөзмөсү 13-октябрга чейин уланат.