Кыргызстан менен Түркиянын пейзаждары бир мейкиндикте — Бишкекте «ЖОЛ» көргөзмөсү ачылат
Ушул жылдын 5-мартында саат 15:00дө Таалай Мусурманкулов, Талгат Бокоев жана Арстан Дукуевдун «ЖОЛ» аттуу көргөзмөсүнүн ачылышы өтөт.
Экспозиция 5-марттан 24-мартка чейин Ю. Абдрахманов көчөсү, 196 дарегинде көрүүчүлөр үчүн ачык болот.
«ЖОЛ» — бул Кыргызстан менен Түркиянын табиятына арналган пленэрдик пейзаждардын көргөзмөсү. Долбоор эки өлкөнүн географиясын, архитектурасын жана атмосферасын үч автордун өзгөчө чыгармачылык көз карашы аркылуу чагылдырат.
Көргөзмөгө сунушталган бардык эмгектер ачык асман алдында, табият менен түз байланышта жаралган. Авторлор жарыктын, абанын жана мейкиндиктин табигый өзгөрүүлөрүн сактоо аркылуу пейзаждын жандуу ритмин жеткирүүгө умтулушкан.
Көргөзмө көрүүчүлөрдү табияттын сулуулугун жаңыча сезүүгө жана чыгармачылык диалогго чакырат.
