
Чүй облусунда Эл достугу фестивалы өттү
Фестивалдын негизги максаты – маданий мурастарды жандандыруу аркылуу саякатчыларды тартуу менен туризмди өнүктүрүү.
Уюштуруучулар фестивалдын конокторуна байыркы шаар Жибек жолунда маанилүү пункт болуп, анда ар түрдүү маданияттар, диндер жана салттар кесилишкенин айтып беришти. Ошондой эле заманбап фестиваль маданий алмашуунун бул салтын улантып жатканын белгилешти.
Фестивалдын программасы андан ары кызыктуу өнүктү. Ар бир этникалык топ – кыргыз, дунган, орус жана түрктөр өздөрүнүн маданиятын салттуу бийи, ыры, анан албетте, улуттук ашканасы менен даңазалашты.
Программанын кыргызча бөлүгү стадиондо тигилген улуттук боз үйлөрдү көрсөтүү менен башталды. Коноктор боз үйдүн ичине кирип, көчмөн калктын турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.