Айтматов районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Мусулманкул Төлөбаев дайындалды
14 октябрь

Айтматов районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Мусулманкул Төлөбаев дайындалды

Талас облусунун Айтматов районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна Төлөбаев Мусулманкул Дилдебекович дайындалды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Төлөбаев Мусулманкул Дилдебекович 1962-жылдын 1-апрелинде Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Маданият айылында туулган.

1984-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун «Маданий агартуу иши» адистиги боюнча аяктаган.

Мамлекеттик жарандык кызматтын I классынын кеңешчиси, аскердик наамы – ага лейтенант.

Эмгек жолу маданият тармагы менен тыгыз байланышкан:

  • 1984–1992-жж. – Райондук маданият бөлүмүндө жооптуу кызматкер;
  • 1992–1997-жж. – Райондук маданият үйүнүн директору;
  • 1997–2004-жж. – Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндө социалдык коргоо кызматкери, жооптуу катчы;
  • 2004–2007-жж. – «Жайнак» дыйкан чарбасынын мүчөсү;
  • 2007–2011-жж. – Райондук маданият бөлүмүнүн башкы адиси;
  • 2011-жылдан бүгүнкү күнгө чейин – Айтматов районунун Маданият бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.