Маданият министри Кыргызстандагы БУУнун Айымдар түзүмүнүн өкүлдөрү менен жолукту
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев 1-июлда Кыргызстандагы “БУУ-Айымдар” (UN Women) уюмунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Делегациянын курамында Кыргызстандагы БУУ Айымдар уюмунун өкүлү Сайед Садик, маалыматтар боюнча адиси Азима Абакирова, программалык кызматкер Дильнара Жумабекова болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар гендердик теңчилик маселелерин, аялдардын лидерлигин жана коомдогу аялдардын ролун илгерилетүү боюнча кызматташтыктын багыттарын талкуулады.
Өзгөчө көңүл аялдар менен жаштардын укуктарын кеңейтүү жана мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу темасына бурулду.
Жолугушууда Министрлик менен “БУУ-Айымдар” уюмунун ортосунда кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу Меморандумга кол коюу мүмкүндүгү каралды.
Жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого жана коомдун жыргалчылыгы үчүн биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин билдирди.
