2026-жылы Кыргызстанда регионалдык медиа-конференция өткөрүлөт
2026-жылдын 13-январында Вена шаарында маданият министри Мирбек Мамбеталиевдин ЕККУнун ММК эркиндиги боюнча өкүлү Ян Брату менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу ведомстводон кабарлашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасындагы медиа чөйрөнүн учурдагы абалы жана сөз эркиндигин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Министр Кыргызстандын сөз эркиндиги жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине берилгендигин тастыктап, ММКнын эркиндиги менен маалымат таратуудагы жоопкерчиликтин ортосундагы тең салмактуулукту сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Санариптик трансформация, дезинформацияга каршы күрөшүү, ошондой эле кесиптик стандарттарды жана медиасабаттуулукту жогорулатуу маселелери көтөрүлдү.
Мындан тышкары, мыйзам чыгаруу демилгелери, журналисттердин коопсуздугу жана ЕККУ менен практикалык кызматташууну өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз Республикасы 2026-жылы Кыргызстанда регионалдык медиа-конференция өткөрүүгө даяр экендигин жана аны уюштурууга көмөк көрсөтүүгө ниеттүүлүгүн билдирди.
