Бишкекте 15-октябрда «Кыргызстандагы белгилүү казактар» көргөзмөсү өтөт
Кыргызстандын өнүгүшүнө зор салым кошкон казак элинин көрүнүктүү өкүлдөрүнө арналган «Кыргызстандагы белгилүү казактар» көргөзмөсү улуу окумуштуу, саякатчы жана сүрөтчү Чокан Валихановдун 190 жылдык мааракесине арналды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, мш-чара Бишкекте 15 октябрда саат 11:00до Абдрахманов 196 дарегинде өтөт.
Экспозицияда 37 белгилүү инсан – дарыгерлер, мугалимдер, инженерлер, артисттер, мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин портреттери чагылдырылган. Ар бир образ аркылуу көрүүчүлөр Кыргызстандагы казактардын тагдыры өлкөнүн тарыхы жана маданияты менен кандайча тыгыз байланышканын сезе алышат.
Көргөзмөнүн өзгөчө бөлүгү Чокан Валихановдун (1835–1865) мурасына арналган. Анда окумуштуунун кыргыз көчмөндөрүнүн турмушун сүрөттөгөн эскиздери, белгилүү кыргыздардын портреттери, тоолуу пейзаждар жана Ысык-Көлдүн көрүнүштөрү көрсөтүлөт. Бул чыгармалар Кыргызстан жана анын эли жөнүндө тартылган алгачкы көркөм эмгектер катары бааланат.
Көргөзмө казак жана кыргыз элдеринин кылымдар бою уланып келген достугу менен маданий биримдигин даңазалайт. Ал эки элди бириктирген тил, салт, көчмөн маданият жана руханий баалуулуктар аркылуу боордоштуктун жана биримдиктин символуна айланган.
