Караколдо “Улут баскан – улут жол” этнофестивалы өтүүдө
1 июль

Караколдо “Улут баскан – улут жол” этнофестивалы өтүүдө

Караколдо “Улут баскан – улут жол” аттуу эл аралык этнофестиваль старт алды. 

Мэриядан кабарлашкандай, иш-чара Каракол шаарынын 156 жылдык мааракесине арналган. 

Маданият менен салт-санааны даңазалаган иш-чаранын алкагында улуттук оюндар, сармерден сыяктуу салттуу жаштар кечеси уюштурулуп, көргөзмөлөр, кол өнөрчүлүк буюмдары, даам татуу бурчтары шаардыктардын жана коноктордун чоң кызыгуусуна арзыды.

Иш-чаранын алкагында Каракол шаарынын көптөн күткөн — “Айбанаттар паркынын” расмий ачылышы болуп өтүп, ал дагы шаар тургундарынын жана балдардын кубанычына себеп болду.

Салтанатка Каракол шаарынын мэри Каныбек Адиев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бакыт Шайлобекович, чет өлкөлөрдөн келген коноктор жана жергиликтүү тургундар катышып, Караколдун өнүгүп жаткан жүзүнө күбө болушту.