Ачык эшиктер айы. Бир жумада 50 миңге жакын адам музейлерге келди
Ушул жылдын 1-октябрында тарта мамлекеттик музейлерге кирүү акысыз болууда. Бул тууралуу Маданият министрлигинен эске салышты.
Бул демилге президенттин жарлыгына ылайык ишке ашууда. Ачык эшиктер айында 37 музейге биринчи жумалыкта 50 миңге жакын жаран келди.
Белгилей кетсек, өлкөбүздө алгачкы музейдин түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Ачык эшиктер айы 1-октябрдан – 30-октябрга чейин уланат.
