ОшМУда Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү
26 сентябрь

ОшМУда Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдыгына арналган эл аралык конференция өттү

Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) Кыргызстандын билим берүү тармагына эмгек сиңирген ишмер Абдыганы Абдувалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

ОшМУнун маалымат кызматынан билдиришкендей, аны менен катар эле анын илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнүн 50 жылдыгы белгиленди. 

Конференцияга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана өлкөнүн бардык аймагынан келген белгилүү окумуштуулар, жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптештери, шакирттери катышты. Коноктор Абдыганы Абдувалиевдин адамгерчилиги, ишмердүүлүгү, илимий эмгектери тууралуу айтып, мааракеси менен куттукташты.

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков анын устаттык сапатын жана окуу жайга кошкон салымын белгиледи.

Устат катары менин карьера жасашыма өзгөчө салым кошконсуз. Сиз менен студент мезгилимде тааныштым. Менин студенттик жылдарымда эң алгач таланттуу лектор, мыкты жетекчи катары эсимде калгансыз. Өзүңүз ээрчитип бай тажрыйбаңыз менен бөлүшүп, административдик-башкаруу жаатында жамаат менен тыгыз иштешүү тартибин үйрөттүңүз жана жетекчи болуп калыптанышыма чоң роль ойнодуңуз. Сизден көп жакшы сапаттарды үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алдым. Университетте Абдыганы агай сындуу ардагерлерибиз, аксакалдарыбыз болгондугу үчүн да ОшМУнун кадыр-баркы, коомдук аброю бийик деп ойлойм”, - деди ректор.

Ал эми Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Бишкектеги жогорку окуу жайлардан келген окумуштуулар илимий баяндамаларын окушту.

Конференциянын алкагында физика-математика илимдеринин доктору, профессор Самандар Искандаровго “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Күндүн экинчи бөлүгүндө математика, физика жана маалыматтык технологиялар боюнча баяндамалар жасалып, резолюция кабыл алынат.

Абдыганы Абдувалиев ОшМУда катардагы окутуучулуктан тартып, бөлүм башчы, кафедра башчы, декан, окуу иштери жана маалымат технологиялары боюнча биринчи проректор, өнүктүрүү жана эл аралык байланыштар боюнча проректор сыяктуу жогорку кызматтарды аркалаган. Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, физика-математика илимдеринин кандидаты жана доцент. Учурда университеттин колдонмо информатика жана маалымат коопсуздугу кафедрасынын доценти кызматын аркалап келет. Илимпоз-окумуштуу катары беш окуу-методикалык колдонмо, 40тан ашуун илимий жана илимий усулдук макалаларды жазган.