Табылды Актановдун 75 жылдыгына “Атаганат десеңчи, оо, чиркин дүйнө ай!…” аттуу автордук концерт өтөт
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актёр, төкмө акын, дастанчы жана манасчы Табылды Актановдун 75 жаш мааракесине арналган “Атаганат десеңчи, оо, чиркин дүйнө ай!…” аттуу автордук чоң концерт өтөт.
Иш-чаранын датасы: 13-ноябрь, саат 14:00
Дарек: Самойленко 2/9, Кыргыз улуттук “Манас” театры
Мааракелүү концертте улуу манасчынын чыгармачылыгы, өнөр жолундагы өзгөчөлүгү жана кыргыз маданиятына кошкон салымы кеңири чагылдырылат. Кеченин жүрүшүндө Табылды Актановдун аткаруусундагы көркөм дастан, төкмөлүк жана сахна чыгармаларынын мыкты үлгүлөрү тартууланмакчы.
Иш-чаранын негизги максаты – кыргыз элинин руханий мурастарын даңазалоо жана кийинки муунга залкар талант ээсинин өнөрүн жеткирүү.
Бардык өнөр сүйүүчүлөрдү жана маданият ышкыбоздорун Табылды Актановдун чыгармачылыгынан кубат алып, руханий дүйнөңүздөрдү байытууга чакырабыз.
