«Көчмөндөр айылы» шаарчасында «Мыкты кыргыз боз үйү» республикалык сынагы башталды
Сүрөт ачык булактардан алынды
2 сентябрь

«Көчмөндөр айылы» шаарчасында «Мыкты кыргыз боз үйү» республикалык сынагы башталды

 VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы маданий программанын негизинде «Көчмөндөр айылы» этно-маданий шаарчасында «Мыкты кыргыз боз үйү» республикалык сынагы башталды. Бул тууралуу ДКОнун медиа штабынан билдиришти.

Сынактын катышуучулары салттуу кыргыз боз үйлөрүн тигип, алардын жасалгасын, ички жасалгалоосун жана улуттук өзгөчөлүктөрүн көрсөтүшүүдө.

Сынак кыргыз боз үйүнүн улуттук маданияттагы ордун даңазалоого, каада-салттарды сактоого жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө багытталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө коноктор өлкөнүн аймактарынан келген катышуучулардын боз үйлөрү менен таанышып, кыргыз элинин байыркы турак жай маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө күбө боло алышат.