Руслан Ставриди М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин буйругунун негизинде, Ставриди Руслан Болотович М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрынын директору болуп дайындалды.
Ставриди Руслан 1963-жылы 8-декабрында Фрунзе шаарында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктагандандан кийин 1981–1982-жылдары Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын Театралдык студиясында билим алып, 1982-84-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
Эмгек жолун 1984-жылы Фрунзе шаарындагы Республикалык куурчак театрында актёр болуп баштаган.
1993-1997-жж. “Nina” кичи ишканасынын директору;
1997-2004-жж. “Аверс” фирмасынын директордун орун басары;
2004-2008-жж. ОсОО “Кастелла”, “Dirol” – Сabiry аймактык менеджери;
2009-2023-жылдан баштап М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрынын 1-категориядагы техникалык тейлөөчү кызматкери;
2023-жылдан бери М. Жангазиев атындагы Кыргыз Мамлекеттик куурчак театрынын директордун орун басары кызмат ордунда эмгектенип келген.
