Маданият министрлиги өткөн жылы 41 миллион сомго музыкалык аспаптарды сатып алган
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, 2024-жылы маданий билим берүү мекемелери үчүн республикалык бюджеттен 41 миллион 732 миң сомго музыкалык аспаптар сатып алынды.
Ошондой эле мекемелер 4 миллион 172 миң сомго сахналык костюмдарды алышты.
Андан сырткары, аталган мекеме тарабынан 8 350 окуу материалы жана 51 500 окуу журналы чыгарылган.
