Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Асылбек Тажибаев дайындалды
Асылбек Тажибаев
13 октябрь

Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Асылбек Тажибаев дайындалды

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин сунуштамасынын негизинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы болуп Асылбек Тажибаев дайындалды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Асылбек Тажибаев 1978-жылдын 6-мартында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл өкмөтүнүн Кызыл-Булак айылында туулган.

Ал 2002-жылы Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктап, “кыргыз тили жана адабияты мугалими” адистигине ээ болгон. Эмгек жолун билим берүү тармагында мугалим болуп баштап, андан соң журналистика жана маданият багыттарында эмгектенген.

Ар кандай жылдары Кадамжай райондук “Эл жарчысы” гезитинде кабарчы, редактордун орун басары, редактор кызматтарын аркалап, 2014-жылдан тартып Кадамжай райондук маданият бөлүмүндө бөлүм башчы болуп иштеп келген.