
Тажикстанда Кыргызстандын Маданият күндөрү өттү
Тажикстандын "Харбмайдон" палигонунда өтүп жаткан "Рубеж-2024" машыгуусунун алкагында Кыргызстандын Маданият күндөрү өттү. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарада кыргыз улуттук оюндары - "Ордо" жана "Тогузкоргоол" көрсөтүлдү.
Ошондой эле, кыргыз элинин улуттук тамактары, анын ичинде Кыргызстандан алынып келген балдардын түрлөрү жана эт тартууланып, улуттук кийимдер, музыкалык аспатар көрсөтүлдү.
Эске салса кетсек, "Харбмайдон" полигонундагы "Рубеж-2024" биргелешкен машыгуусуна Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын, Тажикстандын аскердик контингенттери, Бириккен штабдын жана ЖККУ Катчылыгынын оперативдик топтору катышууда.
Машыгууга 1500гө жакын аскер кызматчылары жана 250 ашык аскердик жана атайын техникалар, анын ичинде самолеттор, тик учактар жана учкучсуз учуучу аппараттар катышат