Байге фонду 6 млн сом. Алайда кыргыз-казак айтышы өтөт
Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, элдин биримдиги менен азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Бул ири маданий иш-чараны КР Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Кыргыз улуттук “Манас” театры уюштурууда.
Иш-чаранын максаты – улут азаттыгы үчүн кызмат өтөгөн улуу инсандын өмүр жолун жана өрнөктүү иштерин даңазалоо, коомго үлгү тутуу менен бирге кыргыз элинин байыркы төкмөлүк өнөрүн жайылтуу жана өнүктүрүү, коомчулукту ыйман-ызаатка, нарк-насилге үндөө.
Айтыштын тандоо туру 11-сентябрда, ал эми финалдык айтыштар 12-сентябрда Алай районундагы Алымбек датканын жайлоосунда өтөт.
Айтыштын байге фонду 6 млн сом.
