Бишкекте эл аралык айтыш өттү. Баш байгени Акматбек Султан уулу алды
Бишкекте Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30-сентябрда Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Кытай Эл Республикасы жана Каракалпакстандан келген акындар арасында өткөн бул эл аралык айтыш жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.
Маданият министрлигинен кабарлашкандай, баш байгени Акматбек Султан уулу утту.
- 1-орун — Асылбек Маратов
- 2-орун — Эркебулан Кулканатов
- 3-орун — Турат Жумаев
Атайын 50 000 сомдук сыйлык менен:
- 1. Бердибек Жолдошбек уулу
- 2. Актилек Кулпеишов
- 3. Мухаммед Эшбаев
- 4. Мухтар Коңорбаев сыйланды.
Аталган сынак "Ак таңдай" акындар ордосунун демилгеси менен, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, "ЭлТР" каналы, Кыргыз улуттук "Манас" театры биргеликте өткөрүлдү.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын маданиятына салым кошуу, төкмө акындарга жана жаштарга мотивация берүү максатында, Ниязбек Айбашев 2014-жылдан бери “Алтын комуз” байгесин негиздеп, “Ак тандай” коомдук фондунун жетекчиси “Кыргыз Республикасыны эмгек сиңирген артисти” Абдибали Акимбековдун бирге иштеп келет.
Биринчи жолу 2015-жылы Ош шаарында 50 жакын акындын катышуусунда ак тандайлардын айтышын уюштуруп, алгачкы жолу баш байгеге “Алтын комуз” байгеси коюлган.
Жеңүүчүсү Кыргыз Республикасынын эл акыны Рахматтула Козукеев ээ болгон.
