Мамлекеттик китеп палатасы Кытайдын алдыңкы басма үйлөрү менен кызматташууну талкуулады
29 июль

Мамлекеттик китеп палатасы Кытайдын алдыңкы басма үйлөрү менен кызматташууну талкуулады

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик китеп палатасында Кытай Эл Республикасынын «Синьхуа» жана «Феникс-Чуиши» басмаларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өтүп, китеп басып чыгаруу, китеп маданиятын өнүктүрүү жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жолугушууда Мамлекеттик китеп палатасынын директору Жылдыз Бакашова мекеменин ишмердүүлүгү, өлкөдөгү басма тармагынын абалы, милдеттүү нуска системасы, эл аралык стандарттык номерлөө тутумдары (ISBN, ISSN, ISMN) жана улуттук документтик мурасты санариптештирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тараптар көркөм, илимий-популярдуу жана балдар адабияттарын өз ара которуп басып чыгаруу, биргелешкен басма долбоорлорун ишке ашыруу, китеп продукциялары менен алмашуу жана кесиптик иш-чараларды өткөрүү боюнча кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-кытай китеп тармагындагы өнөктөштүктү бекемдөө, гуманитардык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташууну улантуу тууралуу макулдашууга жетишилди.