Кыргызстан менен Тажикстан маданий кызматташтыкты чыңдоодо
5 ноябрь

Кыргызстан менен Тажикстан маданий кызматташтыкты чыңдоодо

2025-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде министр Мирбек Мамбеталиев Кыргыз Республикасындагы Тажикстан Республикасынын Өзгөчө жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Назирмад Ализода менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар маданий жана гуманитардык байланыштарды чыңдоо маселелерин талкуулашып, кыргыз-тажик мамилелери терең тарыхый негизге ээ болуп, жалпы баалуулуктарга жана салттарга таянарын белгилешти.

Министр Мирбек Мамбеталиев 2025-жылдын июль айында өткөн Кыргызстан Маданият күндөрүн жогорку деңгээлде уюштурганы үчүн тажик тарапка ыраазычылык билдирип, 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Тажикстан Маданият күндөрүн өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Өз кезегинде Элчи Назирмад Ализода кыргыз тарапка маданий жана жаштар багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Тажикстан биргелешкен маданий жана жаштар долбоорлорун ишке ашырууга даяр экенин белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки элдин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары да бекемдөөгө жана маданий диалогду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин тастыкташты.