Сүрөт ачык булактардан алынды
14 сентябрь
Бишкекте эски борбордук мечиттин имараты бузулуп, анын ордуна жаңысы курулат
Бишкек шаарындагы Гоголь көчөсү, 55 дарегинде жайгашкан Кимсанбай ажы Абдурахманов атындагы борбордук мечиттин эски имаратын демонтаждоо иштери башталды.
Анын ордуна эки кабаттуу жаңы мечит куруу пландалууда.
Долбоордо жер алдындагы унаа токтотуучу жай, даарат алуу үчүн жайлар, административдик кабинеттер, кампалар, кафе жана соода түйүндөрүн куруу каралган.
Ошентип, борбордук мечиттин аймагы толугу менен жаңыланып, жамаат үчүн кошумча инфраструктура түзүлөт.
