Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм фильм 25-августта көрүүчүлөргө тартууланат
Сүрөт ачык булактардан алынды
29 июль

Жусуп Абдрахманов тууралуу көркөм фильм 25-августта көрүүчүлөргө тартууланат

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган «Жусуп» аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм тасмасын сунуштайт.

Тасма XX кылымдын биринчи жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Жусуп Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине болгон берилгендигин баяндайт. Кинодолбоордо ошол доордун тарыхый атмосферасы кылдат жандантылып, тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн.

Тасманын режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери Таалайбек Кулмендеев.

Долбоор Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин колдоосу менен ишке ашырылууда.

«Жусуп» көркөм тасмасынын улуттук бет ачары 2026-жылдын 25-августуна белгиленген жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Жусуп Абдрахмановдун туулгандыгынын 125 жылдыгына арналат.