Бишкекте "Токио чейин/кийин" сүрөт көргөзмөсү ачылат
14 сентябрь

Бишкекте "Токио чейин/кийин" сүрөт көргөзмөсү ачылат

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт өнөр музейинди 17-сентябрда "Токио чейин/кийин" сүрөт көргөзмөсү ачылат. Башталышы саат 11:30да. Бул тууралуу Япониянын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. 

Аталган көргөзмөдө Жапон фондунун коллекциясындагы белгилүү жапон фотосүрөтчүлөрүнүн 80ге жакын эмгектери коюлуп, алар Токионун өткөн жана азыркы доорун, өзгөчө 1930-1940-жылдардагы Токиону жана 2010-жылдан кийинки Токиону тааныштырышат.

Көргөзмө кыргызстандыктарга Токиону эки башка доордо, ар кандай көз карашта чагылдырып, шаардын көп кырдуу көрүнүшүн кеңири жана терең түшүнүүгө өбөлгө түзүп берет.

Иш-чараны Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин салттуу күзгү Japan Month иш-чарасынын алкагында Жапон фонду менен биргеликте өткөрүүдө.