VI ДКОго даярдык. «Биримдик кербени» Кадамжай районуна жетти
президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү
29 июль

VI ДКОго даярдык. «Биримдик кербени» Кадамжай районуна жетти

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында уюштурулган «Биримдик кербени» 40 күндүк улуттук жүрүшүнүн Лейлек жана Баткен райондорунун өкүлдөрү (атчандар) Кадамжай районуна жетти. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Аларды Кадамжай шаарынан президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максатай Каримбердиева, Кадамжай районунун акими Болоткан Баякеев баштаган жетекчилер тосуп алышты.

Биримдик кербенинин катышуучуларына Кадамжай районунун өкүлдөрү (атчандар) кошулуп, аксакал ата жана ак элечек энелердин батасы менен Кызыл-Кыя шаарына карай жол улашты.