Төкмө келсе төр бошот! Жалал-Абадда кыргыз-казак айтышы өтөт
Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында 30-31-август күндөрү кыргыз-казак төкмө акындарынын XVIII эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
КР президентинин колдоосу менен өтчү маданий иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн урматына арналган.
Бул ири маданий иш-чарада үч залкардын мааракеси белгиленет:
- Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгы,
- Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгы,
- Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгы.
Кирүү акысыз. Башталышы саат 12:00.
Ал эми Рахматулла Козукеевдин 70 жылдыгына арналган айтыштар 27–29-август күндөрү жер-жерлерде өткөрүлөт:
- 27-август, саат 17:00 – Токтогул шаары, Маданият үйү
- 28-август, саат 17:00 – Аксы району, Кербен шаары, Маданият үйү
- 29-август, саат 17:00 – Сузак району, Барпы айылы, Жони паркы
Каалоочулар үчүн кирүү акысыз.
