Бишкекте 2 гектар жерге заманбап "Манас" борбору курулууда 
24 март

Бишкекте 2 гектар жерге заманбап "Манас" борбору курулууда 

Бишкек шаарында 2026-жылдын 23-мартында заманбап “Манас” маданий комплексинин курулушуна старт берилди.

Иш-чарага президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев катышты.

Долбоордун алкагында курулуш үчүн 2 га жер тилкеси бөлүнгөн.

Имараттын жалпы аянты 6681 чарчы метрди түзөт. Долбоорго ылайык үч кабаттуу көп функционалдуу комплекс курулат:

  • биринчи кабатта – 500 орундуу заманбап банкеттик зал, ашкана жана техникалык кызматкерлер үчүн бардык шарттар каралган кызматтык
  • бөлмөлөр жайгашат;
  • экинчи кабатта – 1300 орундуу чоң концерттик зал, ошондой эле чыгармачыл инсандар үчүн атайын даярдануучу бөлмөлөр каралган;
  • үчүнчү кабатта –улуу баянга арналган көргөзмө музей орун алып, борбордун туруктуу жана натыйжалуу иш алып баруусуна шарт түзүлөт.

Курулуш 2026-жылдын декабрында аяктайт.