Бишкекте биринчи жолу спектаклде мүмкүнчүлүгү чектелген 12 кыз ойнойт
2024-жылдын 10-декабрында Бишкектеги Арсен Умуралиев атындагы шаардык драма театрында Кыргызстанда биринчи жолу 12 майыптыгы бар кыздар жана аялдардын катышуусу менен инклюзивдүү спектакль өтөт.
Спектаклдин «ШИРЕ-ШЕРИ-НЕ» деп аталган каармандарынын бири, 23 жаштагы Алия Юлдашева, ата-энеси менен бирге сахнага чыгат. Ал мындай дейт: «Мени чакырышканда, жүрөгүмдө бар нерсени искусство аркылуу жеткире алам деп кубандым. Мен бийлейм жана ырдайм, англис тилин билем, компьютерди өздөштүрдүм, китеп окууну жакшы көрөм. Бирок көп учурда адамдар мен жөнүндө ата-энемден сурашат, мени менен түздөн-түз сүйлөшүүдөн качышат. Бул мага жагымсыз. Ошондуктан бул спектаклде мен көрүүчүлөргө үнүм бар экенин, өз оюм бар экенин жана чечим кабыл алууга укугум бар экенин жеткиргим келет».
