Бишкекте салттуу музыка жумалыгы "Тайтору” спектакли менен жыйынтыкталды
Салттуу музыка жумалыгынын алкагында уюштурулган маданий иш-чаралар Кыргыз улуттук «Манас» театры сахнасында көрсөтүлгөн “Тайтору” спектакли менен расмий түрдө жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.
Иш-чара “Билим Айтыш” долбоору менен биргеликте уюштурулуп , кыргыз элинин улуттук маданиятын, оозеки чыгармачылыгын жана салттуу музыкалык мурастарын кеңири жайылтууну максат кылды. Иш-чаранын алкагында көрүүчүлөргө улуттук баалуулуктарды заманбап форматта таанытуу аракеттери көрүлдү.
Жыйынтыктоочу бөлүк катары сунушталган “Тайтору” спектакли кыргыз элинин руханий дүйнөсүн, тарыхый мурастарын жана көркөм өнөрүнүн терең мазмунун чагылдырган өзгөчө чыгарма болду.
Жумалыктын жүрүшүндө илимий-практикалык конференциялар, чыгармачылык жолугушуулар, тематикалык көргөзмөлөр жана ар түрдүү маданий программалар өткөрүлдү. Ошондой эле салттуу музыка искусствосун өнүктүрүүгө багытталган бир катар китептердин бет ачары болуп өттү.
Салттуу музыка жумалыгы кыргыз маданиятын даңазалоодо маанилүү аянтча болуп, чыгармачыл инсандар менен коомчулуктун ортосундагы байланыштарды чыңдоого өбөлгө түздү.
