Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Токтоболот Абдумомуновдун барельефи ачылды
Бүгүн, 11-февралда Кыргыз улуттук академиялык драма театрында драматург, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу жана маданият ишмери Токтоболот Абдумомуновго арналган барельефтин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, белгилүү маданият ишмерлери, театр актерлору, жазуучулар, коомчулук өкүлдөрү жана залкар инсандын чыгармачылыгынын күйөрмандары катышты.
Эдил Байсалов Токтоболот Абдумомуновдун чыгармачылыгынын кыргыз драматургиясын жана театр искусствосун өнүктүрүүдөгү маанисин белгиледи:
«Токтоболот Абдумомуновдун ысымы кыргыз маданиятынын тарыхына алтын тамгалар менен жазылган. Анын чыгармалары бүгүнкү күндө да актуалдуу болуп, жаңы муунду мекенге болгон сүйүүгө, улуттук салттарга жана адеп-ахлактык баалуулуктарга тарбиялап келет».
Маданият министри Алтынбек Максутов барельефтин ачылышы улуу жазуучу жана драматургга болгон урмат-сыйдын белгиси экенин, анын эмгектери кыргыз театрынын алтын казынасын түзөрүн баса белгиледи.
Барельеф Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен орнотулду. Композиция Токтоболот Абдумомуновдун улуттук искусствону жана театрды өнүктүрүүдөгү салымын чагылдырып, Улуттук академиялык драма театрынын маданий мейкиндигинин ажырагыс бөлүгүнө айланды.
Салтанаттуу аземдин соңунда коноктор улуу инсанды эскеришти. Анын мурасы азыркы жана келечек муундарды шыктандырууну улантууда.
