Ошто Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди
Ош мэриясы
27 апрель

Ошто Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Ош шаарында бүгүн, 27-апрелде Чернобыль апаатынын кесепетинен улам жарык дүйнө менен кош айтышкан мекендештердин жаркын элесине арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Мэриядан кабарлашкандай, анын алкагында эстеликтерге гүл чамбарлар коюлуп, курман болгондордун элесине таазим этилди.

Митинг-реквиемге Ош шаарынын мэриясынын орун басары М.А. Айдарбекова, Кыргыз Республикасынын президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.О. Абдылдаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Н.М. Нурбаев, ошондой эле Чернобыль окуясынын катышуучулары жана алардын туугандары катышты.

Жыйында катышуучулар кырсыктын кесепеттерин жоюуда жан аябастык көрсөткөн жарандардын эрдигин эскерип, алардын элесин урматтоо — ар бирибиздин милдет экенин белгилешти.


Маалымат үчүн: 1986-жылдын 26-апрелинде Украинанын аймагындагы Чернобыль атомдук электр станциясында ири техногендик кырсык болгон. Андыктан жыл сайын ушул күнү Ош шаарында бул апааттын курмандыктары эскерилет. Кырсыкка быйыл 40 жыл болду.