Бишкекте белгилүү тарыхый инсан Нүзүп бийдин айкели ачылды
19 сентябрь

Бишкекте белгилүү тарыхый инсан Нүзүп бийдин айкели ачылды

Бишкектин түштүк-батыш тарабында белгилүү тарыхый инсан Нүзүп бий Эсенбай уулунун эстегили ачылды. 

Иш-чарага УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар, тарыхчы-окумуштуулар, калаа тургундары жана меймандар болду.

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Нүзүп бий кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандардын бири болгонун билдирди.

“Анын өлкөбүздүн калыптанышына кошкон салымы өтө чоң. Он башылык кызматтан аталыкка чейинки эмгек жолун даанышмандык менен аркалап, канатташ жашаган калктарга көрөгөчтүгү жана көсөмдүгү менен таанылган. Залкар калемгер, Төлөгөн Касымбеков атабыз “Сынган Кылыч” романында белгилегендей, Нүзүп бул жөн гана тарыхый инсан эмес, ошол доордун, ошол мезгилдин башкы каарманы болгон”, – деди ал.

Ошондой эле терең философиялык мааниге ээ “Шералынын чокою” окуясы тууралуу да учкай кеп кылган Төрага кандай кырдаалда, кандай кызматта болбосун эч ким өзүнүн өтмүшүн унутпашы керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, Нүзүп көп кырдуу инсан экенин айткан Нурланбек Тургунбек уулу: “Миңдеген аскерлерди баштап, миңбашы атыккан чыгаан аскер адамы, ошол эле учурда ордонун оюндарын мыкты түшүнгөн, ар кандай кутумдардын сырын билген даанышман саясатчы болгон. Уюштургуч жөндөмү бийик, алысты көрө билген Нүзүп кайсы кызматты аркалабасын, кыргыздын намысы, улуттун келечеги үчүн жан үрөп күрөшкөн. Демек бул айкелди атабызга эле эмес, тарыхыбызга тургузган эстелигибиз десек туура болор”, - деп кошумчалады.

Муну менен катар эмдиги жылы Нүзүп бийдин 230 жылдыгы республикалык деңгээлде өтөрүн белгилеген Төрага бүгүнкү саамалык маарекелик иш-чаралардын башталышы экенин эске салды.

“Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” – деп эл арасында айтылгандай, Нүзүптөй аталарыбызды эскерип, эстебесек, келечегибиз күмөн. Андыктан, ушундай инсандарыбыздын өмүр жолун келечек муунга айтып берип, аларга кыргыз мамлекетин түптөгөн аталар катары урмат көрсөтүшүбүз зарыл”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.