Ош мэриясы
20 май
Ош шаарында Энелер күнү салтанаттуу белгиленди
Ош шаарынын мэриясында бүгүн, 20-майда Энелер күнүнө арналган майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер, мамлекеттик жана коомдук ишмер аялдар катышышты.
Жанарбек Акаев өз сөзүндө энелер тынчтыктын, биримдиктин жана жылуулуктун символу экенин белгилеп, кыргыз элинин энени барктаган бир канча макалдарын атап, мисал келтирди.
Ошондой эле энеде баладан артык эч нерсе жок экенин айтып, акын Мелис Маматжановдун “Апакемдин алмасы” чыгармасын энелерге көркөм окуду.
Иш-чаранын аягында ар тараптуу аялдарга шаардык мэриянын атынан белектер ыйгарылды.
