Скульптор, Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү
4 ноябрь

Скульптор, Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыковдун 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү

Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын чоң залында СССР жана Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, академик, профессор, Социалисттик Эмгектин Баатыры, Ленин сыйлыгынын лауреаты жана Кыргыз Эл Баатыры – монументалдык скульптуранын чыгаан устаты Тургунбай Садыковдун туулгандыгынын 90 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана академик Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясы уюштурду.

Мааракелик жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, чыгармачыл бирикмелердин жана илимий мекемелердин кызматкерлери, белгилүү сүрөтчүлөр, искусствоведдер, маданият жана искусство ишмерлери, устаттын шакирттери жана жолун улантуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрушүндө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары  Аскаралы Мадаминов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңешчиси Мамасыдык Султанов, Медицина илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, Мамлекеттик жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу, Искусство таануучу, маданият таануу илимдеринин доктору, Улуттук көркөм сүрөт академиясынын мүчө-корреспонденти, профессор  Людмила Прыткова, Улуттук илимдер академиясынын башкы илимий катчысы Бермет Худайбергенова куттук сөз айтышты.

Иш-чаранын соңунда маданий программа тартууланды.

Маалымат катары: Тургунбай Садыков – кыргыз жана дүйнөлүк маданият тарыхында өчпөс из калтырган, улуттук монументалдык скульптуранын негиз салуучусу. Анын чыгармачылык жолу кыргыз элдин руханий баалуулуктарын жана улуттук өзгөчөлүгүн даңазалаган зор өнөр мурасына айланган.

Атактуу скульптор жараткан эстеликтер терең философиялык мазмуну, көркөм чеберчилиги жана улуттук рухту даңазалаганы менен өз мезгилинен бүгүнкү күнгө чейин актуалдуулугун жоготкон жок.

Садыков кыргыз скульптурасынын жаңы багытын түзүп, ондогон таланттуу көркөм өнөр чеберлерин тарбиялаган, өлкөбүздүн маданий өнүгүүсүнө баа жеткис салым кошкон инсан.

Устаттын 90 жылдык мааракесине карата искусство таануучу Байышбек Будайчиевтин калемине таандык атайын китеп даярдалып, 500 нускада басылып чыгууда.

Мындан тышкары, Тургунбай Садыковдун 90 жылдык мааракесин 2026-жылы жогорку деңгээлде өткөрүү белгиленген.