VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлегендер үчүн сыйлык атрибутикасынын мыкты дизайнына конкурс жарыяланат
4 ноябрь

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлегендер үчүн сыйлык атрибутикасынын мыкты дизайнына конкурс жарыяланат

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы – VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүлөрү жана байгелүү орундарды ээлегендер үчүн сыйлык атрибутикасынын дизайнын иштеп чыгуу боюнча конкурс жарыялайт.

Конкурстун максаты:

Улуттук колоритти, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын символикасын жана рухун чагылдырган, оюндардын бекитилген бренд-бугуна ылайык келген жана талаптарына жооп берген медалдардын, дипломдордун жана сертификаттардын мыкты дизайнын аныктоо.

Конкурска катышуучулар:

Конкурска дизайнерлер, сүрөтчүлөр, графикалык жана өнөр жай дизайнерлери, чыгармачыл топтор, ошондой эле профилдик багыттагы студенттер (автордук иштери барлар) катыша алат.

Негизги талаптар:

Дизайн төмөнкүлөрдү камтышы керек: медалдардын эскиздери (алдыңкы жана арткы беттери), дипломдор жана сертификаттар;
Бардык иштер бирдиктүү стильде аткарылып, түстөрдүн жана улуттук өң-түс элементтеринин гармониялуу айкалышын камсыздоого тийиш;
Конкурсант көрсөтүлгөн дизайндын автору болушу зарыл;
Эскиздер электрондук жана/же басма түрүндө, концепциянын сүрөттөмөсү (1 бетке чейин) жана даярдоо наркынын эсептөөлөрү менен берилет;
Эмгектер техникалык колдонууга ылайыктуу болушу керек.

Конкурсту өткөрүү тартиби:

Катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алуу 2025-жылдын 17-ноябрына чейин жүргүзүлөт;
Конкурс бир этап менен өтөт – эскиздер жана концепциянын сүрөттөмөсү боюнча;
Конкурстук иштерди баалоо атайын түзүлгөн комиссия тарабынан белгиленген критерийлер боюнча жүргүзүлөт.

Баалоо критерийлери:

1. Идеянын оригиналдуулугу жана креативдүүлүгү;
2. Конкурстун темасына жана талаптарына шайкештик;
3. Көркөм жана эстетикалык аткарылышы;
4. Образдын бүтүндүгү жана көркөмдүүлүгү.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо:

Жеңүүчүлөр сертификат жана акчалай сыйлыктар менен сыйланат:
I орун – 100 000 сом;
II орун – 80 000 сом;
III орун – 50 000 сом.

Мыкты эмгектер VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы расмий сыйлоо аземдеринде колдонууга сунушталышы мүмкүн.

Тандалып алынган эмгектердин автордук укугу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясына өтөт.

Байланыш:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 17
Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы
Телефон: +996 500 059311 – Лаура Чынаева
Электрондук почта: laura.chynaeva@mail.ru