Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат
25 сентябрь

Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат

Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 17-18-сентябрда КРнын Новосибирск ш. Башкы консулдугунун жана КРнын Омск шаарындагы ардактуу консулунун көмөгү менен Омск шаарындагы А.С.Пушкин атындагы мамлекеттик областтык илимий китепканада Кыргызстандын маданият күндөрү өткөрүлдү.

Омск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрү Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана «Кыргыз тил күнүн» майрамдоонун 35 жылдыгына карата уюштурулду.

Иш-чаранын алкагында «Кыргыз Республикасы» стенди ачылып, анда азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталардын сүрөттөрү, Кыргызстандын тарыхы жана маданияты тууралуу китептер жана сувенирлер илинген.

Ошондой эле китепканада китеп көргөзмөсү жана бир катар фото көргөзмөлөр Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, КРнын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына, атактуу кыргыз жана советтик жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына жана Кыргызстандын тоо туризмине арналган иштей баштады.

Иш-чарага ардактуу коноктор катары КРнын экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Ч.Сейитов, Омск облусунун губернаторунун орун басары – Омск облусунун билим берүү министри И.И.Кротт, Омск облусунун ички саясат министри А Терпугова, Омск шаарынын мэри С.Шелест, ошондой эле чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү, маданий мекемелери жана коомдук уюмдары, Омск шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, ИИМдин Академиясынын, Омск шаарындагы автобронетанка инженердик институтунун курсанттары жана ЖОЖдорунда билим алган студенттери катышты.

Иш-чаранын коноктору үчүн КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков фотокөргөзмөлөргө экскурсия өткөрдү, иш-чара Омск чыгармачыл тобунун «Алыш» жана «Кара-Жорго» бий номерлери менен коштолду, ошондой эле иш-чаранын алкагында КРнын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Омск облусундагы «Достук үйүнө» улуттук кийимдердин топтомун тапшырды.

Белгилей кетсек, бул иш-чарада Омск шаарынын мэри Сергей Шелест кыргыз тараптын сунушун колдоп, Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысым ыйгаруу чечимин жарыялаган. Бул чечим кыргыз элине болгон сый-урматтын жана улуу жазуучунун дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын таануунун символу болууга тийиш экендиги билдирген.